Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча териштирүү башталды

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча териштирүү башталды

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда денесинен жаракат алган кыргызстандык жаранга тиешелүү экспертизалар дайындалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 24-июлда кыргыз-тажик чек арасында катталган чыр-чатак Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, денесинен жараат алган кыргыз жаранына тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат. Учурда бул чыр-чатакка тиешеси бар эки тараптын тең жарандары боюнча териштирүүлөр башталды.

Ал эми Ак-Сай айыл аймагындагы жарандарга коомдук тартипти сактоо жана укук бузууларга жол бербөө максатында эки өлкөнүн ортосундагы коопсуздукту камсыздоо багытында милиция кызматкерлери  түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Азыркы убакта бул аймакта абал туруктуу милиция кызматкерлери күнүмдүк тартипте  иш алып барууда.

Эскерте кетсек, кечээ, 24-июлда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандары ортосунда чыр-чатак чыккан. Маалыматка караганда, Баткендин Ак-Сай айылынын эки тургуну Ак-Сай — Көк-Таш жолунда бараткан. Ошол маалда аталган жолдо 8 унаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы айылына бараткан тажикстандык жарандар алардын жолун кескен.

Натыйжада эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда мушташ чыккан. Чырды ырбатып жибербөө үчүн Кыргызстандын ИИМнин кызматкери жерине барган. Бирок Тажикстандын жарандары ага кол салган. Милиция кызматкери качып кетүүгө үлгүргөн. Коңшу мамлекеттин жарандары аны сабоого аракет кылып, унаасынын артты көрсөткөн күзгүсүн сындырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>