Кыргыз-өзбек чек арасы. Ташиев Ташкентке учуп кетти

Кыргыз-өзбек чек арасы. Ташиев Ташкентке учуп кетти

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын өкмөттүк делегациясынын башчысы — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча биргелешкен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 22-мартта Ташкентке учуп кетти.

Анын иш сапарынын жүрүшүндө, Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен жыйыны болот, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Өкмөттөр аралык делегациялардын жыйыны ушул жылдын 24-25-мартында Ташкент шаарында өтүп, анда кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, өзбек делегациясын премьер-министр Абдулла Арипов жетектейт.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөттүк комиссиялар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган участокторун делимитациялоо маселесин талкуулашат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын жүрүшүндө, эки өлкөнүн башчылары жакынкы аралыкта аяктоо пландаштырылып жаткан өкмөттүк делегациялардын ишин активдештирүү жөнүндө макулдашышкан болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>