Кыргызстан АКШда иштөө үчүн трактын айдоочуларын даярдайт

Кыргызстан АКШда иштөө үчүн трактын айдоочуларын даярдайт

Кыргызстан трактын айдоочуларын даярдап баштайт. Бул тууралуу “Акчабар” жазды.

Логистикалык кызматты өнүктүрүү боюнча кыргыз-америкалык ассоциациясынын ишинин жыйынтыгын чыгаруу учурунда Билим берүү министрлигинин баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлнура Мамырованын айтымында, окууну баштоо үчүн трак керек болуп жатат.

Министрлик айдоочуну даярдыктан өткөрүү менен бирге алардын АКШга виза алуусуна дагы жардамдашат.

“Биз аларды эптеп эле окутпайбыз. Алар АКШнын талаптарына төп келип, иштей алышы керек. Окуунун аягында сынакты жумуш берүүчү алат. Трактын айдоочулары үчүн жолдомо кат дагы берели деп жатабыз. Бул алардын виза алуусуна жардам болор”, — дейт Гүлнура Мамырова.

Белгилей кетсек, АКШда жашаган кыргызстандыктардын бир тобу трак айдап эмгектенишет. Бул жаатта өз компаниясын негиздеген мекендештер дагы бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>