Мурдагы аялынын кулак-мурдун кесип салган адамдын иши тергелип бүттү

Мурдагы аялынын кулак-мурдун кесип салган адамдын иши тергелип бүттү

Мурдагы аялынын мурдун жана кулагын кесип салган Азамат Эстебесовго козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу жабырлануучу Асел Ногойбаеванын эжеси Диана Елькен билдирди.

Анын айтымында, жакынкы күндөрү иш сотко өтөт. Асел Ногойбаеванын 10 жашар уулу сотко катышпайт. Бул боюнча жактоочу Индира Саутованын өтүнүчүн ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы колдоду. Ошондой эле жабырлануучунун үй-бүлөсү Асел Ногойбаеваны да сотко катыштырбоону суранышууда.

«Жактоочунун мындай өтүнүчүнө тергөө башкармалыгы каршы чыкты. Биз Аселдин кылмышкер менен бир бөлмөдө, экөөнүн бетме-бет  болушун каалабайбыз. Биз сиңдимдин кайра ошол күнгө кайтып барып, тозокту баштап өткөрүшүнө каршыбыз. Асел азыр психотерапиядан өтүп жатат. Ал күчтүү дарыларды ичүүдө», — дейт Диана Елкин.

Эскерте кетсек, быйыл 20-сентябрда Селекцияда эркек киши мурдагы аялын (Асел Ногойбаеваны) сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Шектүү катары 39 жаштагы Азамат Эстебесов аттуу жаран кармалган.

Кийинчерээк аталган жаран мурдагы аялын (Асел Ногоайбаеваны) зордуктаганы үчүн Сокулук райондук соту тарабынан 5 жылга абакка кесилгени, ошол эле учурда сот ага пробация колдонуп, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотуп жибергени белгилүү болгон. Жабыркаган аял райондук соттун чечими менен макул болбой, Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

27-сентябрда облустук сот зордуктоо боюнча ишти карап, айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыраткан. Белгилей кетсек, зордуктоо быйыл 31-январда сентябрдагы каргашалуу окуяга чейин болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>