13-14-декабрда Кыргызстанда -35 градуска чейин суук болот

13-14-декабрда Кыргызстанда -35 градуска чейин суук болот

Кыргызстанда 13-14-декабрда аба ырайынын кескин төмөндөшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 13-декабрда өлкөдө туруксуз аба-ырайы сакталат. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарьнда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Ал эми Талас, Баткен облустарында кар жаашы күтүлбөйт.

«Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

13-14-декабрда абанын температурасы мындан ары төмөндөйт:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25 (түндүгүндө -23…-28), күндүз -12…-17 градус суук,
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15 градус суук,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөнүндөрүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8 градус суук,
  • Ысык-Көл ойдоңунда түнкүсүн 14…-19, күндүз -4…-9 градус суук,
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -19., -24, Ат-Башы районунда -23…-28, күндүз -11 -16 градус суук болот.

Тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24, күндүз -13…-18 суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -21 …-26, күндүз -14…19 суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35, күндүз -15…-20 градус суук болот.

Ал эми Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -29…-34, күндүз -15…-20 градус суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алыскы жолго чыккан жарандарга сак болууну эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>