Акыркы коңгуроо үчүн акча чогултууга тыюу салынат, — министрлик

Акыркы коңгуроо үчүн акча чогултууга тыюу салынат, — министрлик

Акыркы коңгуроо салтанатын уюштуруу жана өткөрүүдө окуучулардан жана алардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу чыкканын аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле бул күнү мектептин айланасында ачык отту, күйүүчү, пиротехникалык жана башка травматикалык заттарды колдонууга тыюу салынат.

Окуучулар жана алардын ата-энелери «Акыркы коңгуроо» салтанатында коопсуздук эрежелерин жана коопсуздук чараларын сактоонун зарылдыгы боюнча жол-жоболор менен таанышуусу кажет.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү укук коргоо кызматкерлери менен бирдикте окуучулардын өздүк коопсуздугун сактоону камсыздоодо ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш.

Акыркы коңгуроо салтанаты билим берүү мекемелеринде 9-июнда саат 9:00дө башталат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>