Видео: Нарында 30 жаштагы жаран жаш кызды уруп-сабаган. Милиция эмне дейт?

Видео: Нарында 30 жаштагы жаран жаш кызды уруп-сабаган. Милиция эмне дейт?

Нарын шаарында 30 жаштагы жаран жаш кызга кол көтөрүп, бетке уруп жиберген. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-ноябрда «102» кызматына 20 жаштагы А.К. аттуу кыз чалып, «бейтааныш адам эч себепсиз уруп-сабап жатат» деп билдирген.

Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барганда, сабалган кыз милицияга арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, 14-ноябрь күнү саат 10:40 чамасында “Чолук-Ата” соода борборунда банкоматтан акча чыгарайын деп турганда, 30 жаштагы бейтааныш адам кезе талашып, аны бетке уруп жиберген. Кыз андан качууга аракет кылганда, анын артынан кууп, башка урган.

“Учурда арыз ээси А.К.га соттук-медициналык экспертиза дайындалып, толук кандуу териштирүү иштери жүрүп жатат”, — деп билдиришти милициядан.

Азыркы тапта жаш кыз Нарын облустук ооруканасынын Сынык-жаракат бөлүмүндө дарыланууда.

Кылмышка шектүү Орто-Нура айылынын 30 жаштагы Ж.С. уулу болгондугу аныкталган. Ал милицияга сурак берген. Шектүүнүн айтымында, ал жаш кыз менен кезек талашып, кайым айтыша кеткендиктен уруп жибергенин билдирген.

Милициянын маалыматы боюнча, шектүүгө 2012-жылы «эпилепсиялык жеңил деменция» диагнозу коюлган. Ага байланыштуу ал камакка алынган эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>