Кыргызстан ипотекалык турак жай курууга 100 млн $ насыя алат

Кыргызстан ипотекалык турак жай курууга 100 млн $ насыя алат

Бүгүн, 14-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргызстанда турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер  Асылкулов билдиргендей, Сауд өнүктүрүү фонду «Кыргызстандагы турак жайды каржылоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн 25 жылдык мөөнөткө 375 млн сауд риалы (100 млн АКШ доллар) өлчөмүндө насыяны жылдык 1,5% кредиттик комиссиясы, беш жылдык жеңилдетилген мезгили менен 25 жылдык мөөнөткө берет. Программада 40 чарчы метрден 85 чарчы метрге чейин 3000 батирдик арзан турак жай куруу каралган. Долбоор 2028-жылдын аягына  чейин бүтөрү күтүлүүдө.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК тартылган финансылык каражаттардын оператору болот, жер участокторун берет жана «Менин үйүм 2021-2026» программасынын катышуучулары саналган Кыргызстандын жарандарына  жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылайт.

Депутат Дастанбек Жумабеков мамлекеттик ипотекалык насыялоонун алкагында пайыздык ченди төмөндөтүү керектигин белгиледи.

Депутат Алишер Козуев аталган кредиттик каражаттардын пайдаланылышына жоопкерчилик, МИКте кезекте турган жарандардын саны жана аймактардагы турак-жай курулушу боюнча маселени тактады.

«Аймактарда конкреттүү долбоорлор барбы?», — деп суроо узатты депутат. МИКтин өкүлдөрү белгилегендей, учурда аймактарда үлүштүк курулуш пландалууда.

Депутат Дастан Бекешев жарандар мамлекеттик ипотекалык насыялоо механизмдери тууралуу маалымат ала албай жатканын айтып, курулуш материалдарына болгон баанын көтөрүлүшү боюнча маселени көтөрдү.

«Курулуш материалдарынын баасы көтөрүлсө эмне болот? Көңүл бургула», — деген депутат Дастан Бекешев курулуштун сапаты боюнча суроону кошумчалады.

Депутат Айсаракан Абдибаева 24-28 кабаттуу көп кабаттуу үйлөрдүн сейсмикалык туруктуулугу боюнча маселени тактады.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>