УКМК Жаратылышты өнүктүрүү фондунун директорун кармады

УКМК Жаратылышты өнүктүрүү фондунун директорун кармады

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан коррупция жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жаратылышты өнүктүрүү фондунун жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарынын коррупциялык механизми аныкталды, ошондой эле схеманы уюштурган жооптуу жана кызмат адамдарынан турган кылмыштуу коррупциялык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Ыкчам жана атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, туунду долбоорлорго негизсиз каржылык көрсөтүп жана айрым компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга каражат бөлүп туруучу коррупциялык схеманын негизги уюштуруучусу фонддун директору К.Ж.Т. экени такталды.

Аталган К.Ж.Т. 2021-жылдан бери Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, фонддун каражаттарынан мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында жаратылышты коргоо долбоорлоруна деп ар кандай уюмдарга 400 млн сомдон ашык каражат чегерген, бирок иш жүзүндө ал акчалар жеке бизнести уюштурууга пайдаланылган.

Долбоорлор экологиялык жана башка экспертизаларды өтпөстөн, эффективдүүлүгүн деталдуу изилдебестен, ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун жана актуалдуулугун аныктабастан жактырылган жана каржыланган. Өз кезегинде Жаратылыш ресурстары министрлигинин жетекчилиги фонддун каражаттарынын чыгымдалышына тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылган эмес.

Учурда Жаратылышты өнүктүрүү фондунун директору К.Ж.Т. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

УКМК иштин бардык жагдайларын, ошондой эле жогоруда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фонду – Кыргызстанда айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты коргоо менен байланышкан социалдык, кайрымдуулук, маданий-агартуу жана башка коомдук пайдалуу коммерциялык эмес максаттарды көздөгөн, мамлекеттик эмес каражаттардын эсебинен түзүлгөн юридикалык жак.

2021-жылдан азыркы убакытка чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлоруна “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын каражаттарынан жыл сайын 3 млн 700 миң доллар (325 млн сом) өлчөмүндө каражат бөлүнүп турган. 3 жылдык каржылоонун жалпы суммасы 976 миллион 800 миң сомго жакын.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>