Акыйкатчы колу-буту байланган абалда табылган кыздын ишин көзөмөлгө алды

Акыйкатчы колу-буту байланган абалда табылган кыздын ишин көзөмөлгө алды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Сокулукта колу-буту байланган абалда көчөдөн табылган 7-класстын окуучусунун окуясын жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалым болгондой, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жабыркаган кызга жолугуп келишкен. Кыздын апасы институттун кызматкерлерине аталган кылмыш тууралуу айтып берген.

“Кыздын апасынын айтымында, анын колу-буту байланып, ич кийими чечилген абалдагы кызын кошуналары табышкан. Кошуна аял көчөдө бети менен жер карап, колу-буту байланып жаткан кызды көргөн. Кичинекей кыздын оозуна чүпүрөк тыгылган. Улгайган аял кыздын тамырын кармап көрүп, оозундагы чүпүрөктү алган. Андан кийин милиция кызматкерлерин чакыртышкан”, — деп айтылат маалыматта.

Кыздын апасы билдиргендей, кызы үйүнөн таштанды төгүп келгени чыгып, жолдо турган жаш жигиттерди көргөн. Кыз алардан ага чейин апасы издеп келүүгө чыккан байкесин “көрдүңөрбү?” деп сураган. Жигиттер анын агасын көрбөгөнүн айтышкан. Кыз бурулуп кетип бара жаткан учурда кимдир бирөө аны башка чаап, ал эсин жоготкон. Оозуна тыгылган чүпүрөктү алган кезде гана эсине келген.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине кайрылып, кыздын укуктарын коргоону жана күнөөлүү адамдарды аныктап, кылмыш жоокерчилигине тартууга чакырды.

“Кызга моралдык жана психологиялык көмөк керек. Жабырлануучунун апасы акыйкатчыга кызынын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылды. Акыйкатчы бул арыздын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга кыздын укуктарын коргоо талабы менен кайрылуу жөнөттү. Акыйкатчы укук коргоо органдарын жана прокуратура органдарын баланын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат”,  — деп айтылат  маалыматта.

Психолог жардам көрсөтүүдө. Сокулукта колу-буту таңылган кыздын мээси чайкалган

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Акыйкатчы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>