Кыргызстан менен Азербайжан 16-августта өкмөттөр аралык комиссиянын төртүнчү жыйынында кызматташуу маселелерин талкуулай турганын Экономика министрлиги билдирди.
Отурумду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Азербайжан Республикасынын премьер-министринин орун басары Али Ахмедов алып барышат.
“Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын күн тартибинде эки тараптуу кызматташуунун эң актуалдуу маселелери: соода—экономикалык, эмгек, социалдык жана миграциялык чөйрөлөрдөгү, инвестициялык кызматташуу, айыл чарба, транспорт, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо жана башка бирдей маанилүү тармактар бар”, — деп айтылат маалыматта.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда