Видео: Бишкекте кудалардын урушу ок атыш менен аяктаган. Издөөдө жүргөн «эки куда» кармалды

Видео: Бишкекте кудалардын урушу ок атыш менен аяктаган. Издөөдө жүргөн «эки куда» кармалды

Бишкекте 2022-жылы болгон ок атышуу окуясына байланыштуу издөөдө жүргөн 2 шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 2022-жылы 7-августта Бишкектин Каарман көчөсүндө Руслан (аты өзгөртүлдү, чыныгы аты жөнү А.Р.) аттуу жаран октон жараат алып ооруканага түшкөн.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесине (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Окуянын чоо-жайы

Кийинчерээк ок жеп, ооруканага түшкөн Руслан мыйзамсыз курал алып жүргөнү аныкталап, ага Кылмыш кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгү (Ок атуучу куралды мыйзмасыз алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Сотто Руслан күнөөлүү деп табылып, 2023-жылдын 13-февралында Биринчи май райондук соту ага 150 миң сом айыппул салган.

Ошол эле учурда соттук териштирүү учурунда ок атышуу менен коштолгон чырлуу окуянын чоо-жайы тууралуу айтылган. Маалым болгондой, окуя күнү Бишкекте кудалашуу өткөрүлгөн. Ага кыз менен жигит тараптан дос-туугандары келген. Бирок кыз менен жигиттин кээ бир туугандарынын ортосунда буга чейинки өз ара пикир келишпестиктери болгон. Мындан улам той учурунда алар кайым айтышып, чырдаша кеткен. Чыр ырбап кетпеши үчүн туугандарынын өтүнүчү менен жигиттин эки жакыны (Руслан жана Ч.Ш.) унаасы менен кафеден кетип калган. Ошол эле учурда кыз тараптан келген үч адам (Геннадий К., Николай С., Лев С.) алардын артынан жөнөгөн.

Натыйжада алар Бишкектин Каарман көчөсүндө жолугушуп, ортодогу чыр ок атышуу менен аяктаган. Руслан сан жагына октон жараат алып, ооруканага түшсө, Николай Степанов, Лев Степанов жана Геннадий Каландаров издөөгө алынган.

Арадан дээрлик 1,5 жыл өткөндөн кийин издөөдө жүргөн Николай Степанов, Лев Степанов кармалды. Соттун чечими менен алар №1 тергөө абагына камакка алынды.

Милиция Геннадий Каландаровду издөө иштери уланып жатканын билдирди.

Шектүү катары кармалган Николай Степанов (солдо) менен Лев Степанов (оңдо) кармалды

Видео: Бишкекте кудалардын урушу ок атыш менен аяктады. Соттун өкүмү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>