Кыргызстан менен Ирандын ички иштер министрлери жолукту

Кыргызстан менен Ирандын ички иштер министрлери жолукту

Иран Ислам Республикасынын ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли Кыргызстанга иш сапары менен келди. Аны менен кечээ, 12-сентябрда Кыргызстандын  ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жолукту. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун алкагында Кашкар Жунушалиев менен Ирандын ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли өлкөлөр ортосунда коопсуздук жана укук коргоо ишмердиги чөйрөсүндө кызматташуу, терроризм менен экстремизмге каршы аракеттенүү, уюшкан кылмыштуулук, терроризм жана экстремизм, адам сатуу, баңгизаттарды жана акыл-эске таасир этүүчү каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташууну, анын ичинен БУУнун баңги каражаттар жөнүндө Бирдиктүү конвенциясынын алкагындагы кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Эки тарап мындан ары да кызматташуу тууралуу пикирлерин билдиришти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>