Жапония Кыргызстанга жол куруу техникаларын алуу үчүн 533 млн иен грант бөлдүКыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайтЖКнын пленардык жыйынына депутаттардын жарымынан азы катышууда — сүрөтПрезидент V Элдик курултайды уюштуруу комитетинин курамын өзгөрттүКыргызстан санкция тобокелдиктери бар компанияларды жана банктык эсептерди жабуудаКыргызстанда крипторыноктун катышуучуларын текшерүү үчүн бирдиктүү платформа даярдалууда
Кыргызстан менен Өзбекстан “Чашма” булагын чогуу пайдалануу чечимин кабыл алды
28.04.2025 | 15:43
Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын делегацияларынын чек ара маселелери боюнча кезектеги жолугушуусу 24-апрелде болуп өттү.
Ага Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев төрагалык кылышты.
Өзбекстандын өкмөтүнүн маалыматына ылайык, жолугушууда “Чашма” булагын биргелешип пайдалануу жана чек ара маселелери талкууланган.
Жыйынтыгында “Чашма” булагын биргелешип пайдалануу боюнча негизги макулдашуу кабыл алынды.
Өзбекстан тарап суунун үчтөн эки бөлүгүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле булактын суусуна таасир эте турган бардык аракеттер эки тараптуу макулдашуу менен жүргүзүлөт.ы
Рубрики: Жаңылыктар