Кыргызстан менен Тажикстандын акыйкатчылары сүйлөштү

Кыргызстан менен Тажикстандын акыйкатчылары сүйлөштү

Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Тажикстандын акыйкатчысы Умед Бобозода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Атыр Абдрахматова Тажикстандын аскер кызматкерлери тарабынан ок атуучу куралдарды, куралдуу күчтөрдү, оор аскердик техниканы колдонууга жол берилбестигин баса белгилеп, тажик кесиптешине Тажикстандын аскер кызматкерлерин ок атууну токтотууга чакыруу өтүнүчү менен кайрылды.

Акыйкатчы белгилегендей, Кыргызстандын аймагындагы тынч элге, жарандык объектилерге аткылоодон аялдар, балдар жабыркап, элдин үйлөрү, социалдык инфраструктурасы өрттөлдү.

“Ошол эле учурда Тажикстандын да тынч жашап жаткан жарандардын “тирүү калкан” катары колдонулушу жалпы адам укуктарын бузууда. Кыргызстандын аймагын жана Кыргызстандын жарандарын аткылоону токтотуу максатында акыйкатчы А. Абдрахматова аткыланган аймакта эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү сунуштады. Тараптар үзгүлтүксүз байланышта болууну макулдашышты”, — деп айтылат маалыматта.

Акыркы маалыматтар боюнча чек арадагы куралдуу кагылыштан 42 адам жараат алган. Баткенге Бишкектен үч медициналык бригада кеткен.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган. Чек ара кызматы билдирүү таратып, анда «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп билдирген.

Чек арадагы акыркы маалыматтар бул шилтемеде. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Акыйкатчы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>