Ультратриатлон. Милиционер сууда сүзүү, велосипед тебүү, чуркоо боюнча өзүн сынады

Ультратриатлон. Милиционер сууда сүзүү, велосипед тебүү, чуркоо боюнча өзүн сынады

Милиция кызматкери Султан Жумабек уулу Ысык-Көлдө ультратриатлон (сууда сүзүү, велосипед тебүү, чуркоо) боюнча кайра ийгилик жаратты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Султан Жумабек уулу ультратриатлондун биринчи баскычын 5-августта баштаган. Ал көлдө Чолпоп-Ата шаарынан Бостери айылына чейин 13 чакырымга сүзүп, ал аралыкты 4 саат 35 мүнөттө сүзүп өткөн.

Ультратриатлондун экинчи баскычы 7-августта велосипед тебүү боюнча болуп, милиция кызматкери Чолпон-Ата шаарынан Ысык-Көл облусунун түштүгүндөгү Шор-Булак айылына чейин 340 чакырым аралыкка жол жүргөн.

«Спортчу кызматкерге 50 чакырым өткөн сайын тамактанууга 1 мүнөт 30 секунд убакыт берилген. Бирок ал убакыттарын колдонбой велосипедди токтобой тээп, 340 чакырым аралыкты 11 саат 10 мүнөт 9 секундда басып өттү», — деп айтылат маалыматта.

Спорттук иш-чаранын 3-этабы 8-август күнү болгон. Султан Жумабек уулу Чолпон Ата шаарынан Тору-Айгыр айылына чейин 52 чакырым аралыкты чуркап өткөн.

«Чуркоо учурунда ар бир 10 чакырым өткөн сайын спортчу кызматкерге тамактануусуна жана муктаждыгын чечүүгө 1 мүнөт 30 секунд убакыт берилген. Бирок спортчу ал убакыттарын толук колдонбостон, 52 чакырым аралыкты 5 саат 31 мүнөт 15 секундда чуркап өткөн», — деп билдирет министрлик.

Бул өткөрүлгөн спорттүк иш-чарага Ысык-Көл облустук жаштар жана дене тарбия, спорт башкармалыгы жетекчилик кылып, спортчунун коопсуздугун көзөмөлдөп жүрүүчү команда менен өткөрүлгөн.

«Спортчунун айтымында, ал Кыргызстандагы спортчулар арасында рекорд жаратканына болгон далилдер  бар. Ал GPS картасы бар видеокамера менен камсыздалып, «Гармин» кол сааты менен толук жазылып текшерүүдөн өткөн», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>