Кыргызстан сегиз айда чет жакка 8,7 тонна алтын экспорттоду. Бул тууралуу «Акчабар» жазды.
Статистика комитетинин маалыматы боюнча, январдан август айына чейин өлкө 8 миң 724 килограмм алтынды 56 миллиард сомго сатты.
Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 5 тоннага жакын алтын экспорттолгон.
Баалуу металлдын басымдуу бөлүгү Улуу Британия, Гонконг жана Бириккен Араб Эмираттарына сатылган.