Кыргызстан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтөт

Кыргызстан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтөт

Кыргызстан издөө-куткаруу иштери үчүн Түркияга дагы 100 куткаруучуну жөнөтөт. Бул тууралу бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.

Анын айтымында, алар Түркияга 12-февралда учуп кетишет.

«Түркияга куткаруу иштерине аттестациядан өткөн гана куткаруучулар катыша алат. Бүгүнкү күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 67 куткаруучусу боордош Түркия өлкөсүндө иштеп жатат. Жекшемби күнү дагы 100 куткаруучубуз атайын борт менен учууга даярдык көрүүдө», — деди ал.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 12 миң 873 киши каза таап, 62 миң 937 адам жараат алды. Сирияда 2662 киши каза болуп, 4 миңдей тургун жабыркады.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Түркияга 67 ӨКМ кызматкерин жөнөткөн. Алар Түркиянын Кахраманмараш шаарында иштөөдө. Андан тышкары, Кыргызстан Түркияга гуманитардык жардам жөнөтөрү кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>