Кыргызстанда 125 кесип боюнча адистер даярдалат, — министрлик

Кыргызстанда 125 кесип боюнча адистер даярдалат, — министрлик

Кыргызстанда жумуш орундарында тартыштык жок, бирок жумушчу колдордо тартыштык бар. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ош шаарындагы «Кыргыз Текстиль ЛТД» фабрикасында ишке орноштуруу боюнча аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана бөлүмдөрдүн адистери үчүн өткөрүлгөн жумушчу кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, Эмгек министрлиги Билим берүү министрлигинин системасындагы 99 кесиптик лицей менен келишим түздү, анын ичинен 71 лицей 125 жумушчу кесип боюнча адистерди даярдайт.

“Биздин ведомство өлкөнүн ишканаларына жумушчуларды уюштуруучулук топтоо менен активдүү алектенүүгө ниеттенүүдө, тажрыйба көрсөткөндөй, өлкөдө жумушчу колдорго суроо-талап чоң, бирок иштөөгө даяр адистердин жетишсиздиги сезилип жатат.

Биз келечекте 2000 жаран иштей турган фабрикадабыз, учурда өндүрүш 1000 адамды ишке орноштура алат, бирок жумушчу колдун жоктугунан кадрларга болгон муктаждык 530 орунду түзөт жана мындай мисалдар өлкө боюнча көп. Ошол эле учурда мындай ишканалардын айлык акысы 25 миңден 60 миң сомго чейин», — деди министр.

Жумушчу кеңешмеде региондук деңгээлде калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча ишке киргизүү зарыл болгон жаңы мамилелер талкууланды.

Ошентип, Ош шаарындагы 113 кесиптик лицейинин директору кеңешменин катышуучуларына «Кыргыз Текстил ЛТД» фабрикасы менен кош негизде тигүүчүлөрдү окутуу боюнча биргелешкен ишти сунуштады.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин Ош облусундагы ыйгарым өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, борбордук аппараттын кызматкерлери жана эмгек министрлигинин райондук башкармалыктарынын жетекчилери жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>