Жети миллионунчу Жакшылыкка беш ай болду. Атасы менен маек

Жети миллионунчу Жакшылыкка беш ай болду. Атасы менен маек

2022-жылдын 19-октябрында Кыргызстанда өлкөнүн жети миллионунчу жараны жарык дүйнөгө келген. Ал Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Валижан Абдурасулов менен Айжаркын Сыраждинованын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Наристеге атты президент Садыр Жапаров Жакшылык деп койгон. 

Жакшылыкка мамлекет тарабынан 1 миллион сом берилери айтылып, ал акча «Айыл Банктагы» эсепке которулгану кабарланган. Ошондой эле, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы жер тилкесин берери айтылган. Жакшылык төрөлгөндөн кийин Reporter.kg анын атасы Валижан Абдурасулов менен чакан маек куруп, ал үй-бүлөсү тууралуу айтып берген

19-мартта Жакшылыкка беш ай болгондуктан, анын атасы Валижан Абдурасуловго байланышып, уулу кандай чоңоюп жатканынан кабар алдык.

— Саламатсызбы, уулуңуздун төрөлгөнүнө 19-мартта беш ай болду. Улууңуз кандай чоңоюп жатат?

— Кудайга шүгүр, уулубуз чоңоюп жатат. Кылыктары чыгып, күлүп калды. Адамдарды тааный баштады. Өзүнүн тилинде сүйлөп калды. Бизге түшүнүксүз, бирок бир нерселерди сүйлөйт.

Мындан мурдараак дарыгерге алып барганбыз, бою, салмагы нормада экен деди. Эмдөөдөн өттүк.

 

— Улууңузду кимге окшош деп айтышат, атасынабы же апасынабы?

— Улуу балам бар. Ошол байкесине окшош.

— Жакшылык 7 миллионунчу жаран болуп төрөлгөндөн кийин Кызыл-Кыя шаарында жер тилкеси берилет деп айтылган. Убада аткарылдыбы? 

— Аткарыла элек. Жер беребиз дешкен. Апрель-май айларында жер бөлүнөт, ошондо беребиз деп жатышат. Президент бөлгөн акча «Айыл банкка» келип түшкөн. Аны уулубуз 18 жашка толгондо ала турганын айтышты.

 — Жакшылыктын апасы кандай, өзүңүз эмне иш менен алектенип жатасыз? Эмне кем-карчыңар бар? 

— Апасы жакшы, Кудайга шүгүр. Менин да иштерим жакшы. Курулушта иштеп жатам.

Кем-карчыбыз жок, баары жетиштүү.

— Маегиңизге рахмат.

— Сизге да рахмат.

Жети миллионунчу болуп төрөлгөн Жакшылыктын атасы менен маек

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>