Бишкек казыяты чек ара чырында жабыркагандарга 1,5 млн сомдук жардам көрсөттү

Бишкек казыяты чек ара чырында жабыркагандарга 1,5 млн сомдук жардам көрсөттү

Кечээ, 23-майда Бишкек шаардык мусулмандар казыятынын жамааты, шаардагы мечиттерден топтолгон жардамдарды Баткен облусундагы чек ара  чырынан жабыр тарткандарга жеткирип берди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Ага ылайык, 70 даана электр-газ меш жана 20 муздаткыч Лейлек жана Баткен райондоруна жеткирилди. Алардын жалпы суммасы 1,5 миллион сомду түзгөн.

«Урматтуу мекендештер. Сиздер жалгыз эмессиздер. Артыңыздарда бүтүндөй кыргыз эли турат. Баарыбыз кан жутуп, болгон окуяларга жүрөгүбүздөн сыздап турабыз. Бул окуяда бүтүндөй Кыргызстан эли бир муштумга биригип, ынтымагыбызды көрсөттүк. Ошол күндөрү сапар менен Нарында элем. Тээ алыс айылдарда да чын жүрөктөн жардам берели деп бирөөсү козусун, дагы бирөөсү эчки улагын берип жатышты. Сиздерге Аллах Таалам чек араны коргоп бергениңиздер үчүн албетте мекенге болгон кызматыңыздар үчүн чоң сыйлыктарын берет буюрса. Аман болунуздар» -деген Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев.

Маалыматка таянсак, бул жардам Бишкек казыятынын атынан жиберилген үчүнчү жардам.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>