Кытайлык компания Кыргызстанда цемент заводун курууга кызыкдарСадыр Жапаров Ирандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштүКаныкей Стамалиева көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионатынын коло медалын уттуКаржы министрлиги 2026-жылы 1 300дөн ашык объекттин курулушун жана оңдоосун каржыладыДүйнөгө белгилүү «Enigma» тобунун ырчысы Кыргызстанга келди«Мөңгү жок болсо, жашоо да болбойт»: айыл чарба министри аймактагы суу маселеси тууралуу
Кыргызстанда ата-энеси миграцияда жүргөн 93 миңден ашык бала аныкталды
01.02.2022 | 08:51
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги 2021-жылы турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды, анын ичинде эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо үчүн үймө-үй кыдырып 442 940 изилдөө жүргүзгөн.
Өлкөдө ата-энеси чет өлкөдө иштеп жүргөн 93 миң 501 бала бар экени белгилүү болду. Аталган министрлик мындай балдардын автоматташтырылган базасын иштеп чыккан.
Мындан тышкары, маалымат базасында үй-бүлө менен жекече иштөөнүн планын, ошондой эле баланы коргоо боюнча жеке планды электрондук түрдө калыптандыруу каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом