Нарын-Бишкек жолунда эл ташыган бусиктен маңзат табылды

Нарын-Бишкек жолунда эл ташыган бусиктен маңзат табылды

Жүргүнчүлөрдү ташыган бусиктен 4 килограммдан ашык баңгизат табылды. Бул туурасында Ички иштер министрлиген билдирди.

Маалыматка караганда,  20-январь күнү саат 20:30 чамасында “Бишкек-Нарын-Торугарт” унаа жолундагы “ГЭС-5” айланма жолдон Жумгал районунун Чаек айылынан Бишкекти көздөй келе жаткан “Мерседес-Спринтер” үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган бусик токтотулган.  Бул автобусту кинологдун жардамы менен тинтүү учурунда багажынан желим бөтөлкөлөр салынган коробка табылган. Бул коробкада кочкул-жашыл түстөгү марихуанадай кескин жыты бар болжол менен 3 кг 485 граммды түзгөн зат салынган 5 литрдик желим бөтөлкөдөн 2 даана жана 2 литрдик желим бөтөлкөдөн 1 даанасы табылган. Ошондой эле, сары түстөгү баштыкта 58 даана ширеңке кутучалары түрүндө жасалган гашиштей кескин жыты бар, болжолдуу салмагы 787 граммды түзгөн ачык күрөң түстөгү катуу зат бар болгон.

Жогорудагы табылып алынган баңгизатты мыйзамсыз сактоого шектелип автобустун жүргүнчүсү кармалды. Ал Жумгал районунун тургуну 1997-жылы туулган К.Ж болуп чыкты. Кармалган жаран мурда каракчылык боюнча соттолгон.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран Бишкек шаарындагы тергөө абагына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>