ДКӨ-2026: «Кыймылдагы мурас» роликтер сериясы сунушталды. ВидеоКыргызстанда калдыктарды кайра иштетүүчү ишканалар колдоого алынуудаБишкектеги клуб ээлерине баңгизаттар үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертилдиЭми дыйкандар министрликтин байланыш борбору аркылуу кеңеш ала алышатӨКМ айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерттиКыргызстанда балдардын бир ата-энесинин макулдугу менен чет өлкөгө чыгуусуна уруксат берүү сунушталууда
Кыргызстанда канча мал-жандык бар экени айтылды
05.02.2025 | 10:40
Айыл чарба министрлиги 2024-жылдын аягына карата өлкөдө мал-жандыктын саны канчага жеткенин эсептеди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 2024-жылдын аягына карата өлкөдө бодо малдын саны 1 млн 828 миң 527ни түздү, мурдагы жылга караганда ал 1,5% га көп. Анын ичинен уйлардын саны 918 миң 638ге жетет.
Кой-эчкинин саны 6 млн 282 миң 810ду түзгөн. Ал 2023-жылга караганда 1,1% га көп. Жылкылардын саны 553 миң 531 башты түзүп, 2 %га көбөйгөн.
Үй канаттууларынын саны 7 млн 724 миң 314кө жетип, 2023-жылга салыштырмалуу 10,5 %га өскөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом