Түрк мамлекеттери кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташууну күчөтөтКыргыздын улуттук суусундуктары Өзбекстандын базарына чыгатКыргызстанда футбол жөнүндө көркөм сериал тартылатЖКда чет элдиктер кыймылсыз мүлк сатып алганда жерге ээлик кылуусуна тыюу салуу сунушталуудаБишкек шаардык соту «75тин каты» ишинин фигуранттарына карата өкүмдү жеңилдеттиКыргызстандыктардын каржылык сабаттуулугу Венгрия, Италия жана Литвадан ашты
Кыргызстанда педофилдерди бычуу тууралуу мыйзам даярдалды
07.09.2022 | 18:59
Депутат Улан Бакасов педофилдерди хирургиялык жол менен бычуу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу эл өкүлү Reporter.kg’ге Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү демилгеси боюнча оюн айтып жатып билдирди.
Бакасов белгилегендей, ал педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү колдойт. Бирок ал үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек болот. Андан тышкары өлүм жазасы боюнча Кыргызстандын башка эл аралык уюмдар алдында милдеттенмелери бар болууда.
Анын айтымында, мыйзам долбоору 1-2 күндө коомдук талкууга чыгарылат.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстанда педофилдерди химиялык жол менен бычуу жазасын киргизүү аракеттери болгон. 2013-жылы ал демилгени президент Алмазбек Атамбаев артка кайтарган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом