Кыргызстанда пиязды сыртка сатууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда пиязды сыртка сатууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда пиязды чет жакка сатууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, тыюу салуу 31-январдан тартып киргизилип, үч айга созулат. Чектөө жаңы жана муздатылган пияз, пияз-шалот, көк пияз жана башка пияз сымал жашылчаларга тиешелүү.

«Токтом өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда пияз сыртка ташылып жаткандыктан, анын баасы 100 сомго чейин кымбаттай турганы айтылып жаткан. Учурда пияздын 1 килограммынын баасы 60-65 сомго жетти. Сатуучулардын айтымында, былтыр жыл аягында пияз 25-35 сомдон сатылып жаткан.

Бишкекте пияздын баасы 30 сомго кымбаттады. Сатуучулар эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>