«Росатом» жана ОКӨФ КРде алгачкы шамал электр станциясын куруу боюнча келишимге кол коюшту«Росатом» Бостеридеги Кыргыз-Орус форумуна катышты«Дордой» конушундагы мушташтан кийин алты шектүү кармалдыБишкекте курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынып, лицензиясы токтотулдуМинкаб Энергетика министрлигине күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин аяктоону тапшырдыОштогу тергөө абагынын имараты музейге айланат
Кыргызстанда санариптик үрөн биржасын түзүү иштери башталды
31.05.2022 | 14:18
Кыргызстанда санариптик үрөн биржасын түзүү боюнча иштер башталды. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн жыйында Айыл чарба министрлигинин алдындагы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Темирбек Ажыкулов билдирди.
Анын айтымында, долбоор өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасынын мисалында ишке ашырылууда.
«Биз бул долбоорду баштайбыз жана ал өлкөдөгү өсүмдүк өстүрүүнүн негизги ачкычы болуп, дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу маселесин чечүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз», – деп баса белгиледи Ажыкулов.
Айыл чарба министрлиги санариптик үрөн биржасын түзүүгө өлкөнүн кызыкдар өсүмдүк чарбаларын жана питомниктерин тартууну көздөп жатат.