Акы төлөнүүчү автожолдор боюнча мыйзам долбоор колдоо тапты

Акы төлөнүүчү автожолдор боюнча мыйзам долбоор колдоо тапты

Бүгүн, 12-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Автомобиль жолдору жөнүндөгү» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков мыйзам долбоору боюнча учкай маалымат берип, мыйзам долбоору автомобиль жолдорунун тармагын кеңейтүү менен улуттук жолдор тармагын дүйнөлүк унаа тармагына ийгиликтүү интеграциялоо аркылуу экономиканын өсүүсүнө түрткү берүүгө максатталганын белгиледи.

Ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын, жол коопсуздугун жогорулатуу максатында бизнестин жол жумуштарына жана инфратүзүмдүк долбоорлорго катышуусуна түрткү берүү сунушталууда. Муну менен акы төлөнүүчү жолдор түшүнүгү киргизилүүдө.

Буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги акы төлөнүүчү жолдорго кайсы жолдор кирерин айтып, бул боюнча түшүндүрмө берген.

Ошондой эле, транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары  Ырысбек Бариев акы төлөнүүчү жолдор мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн жардамы менен куруу пландалып жаткандыгын белгилеген.

“Акы төлөнүүчү жолдорго Өзгөн айланма жолу, Алмата — Чолпон-Ата жолу, Бишкек шаарындагы батыш айланма жолу, Сосновка— Бишкек жолу, Төө-Ашууда курула турган жаңы туннелдин жолу кирет”, — деген Ырысбек Бариев жолдор оңдолгондон кийин акы төлөөгө киргизилерин жана жолдордун тизмеси толукталарын айткан.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>