Оштун тургуну сейил бакта муунтуп өлтүрүлдү. Соттун өкүмү чыкты

Оштун тургуну сейил бакта муунтуп өлтүрүлдү. Соттун өкүмү чыкты

Ош шаарынын тургунун сейил бакта сабап жана муунтуп өлтүргөн деп айыпталган 24 жаштагы жигит тогуз жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун өкүмүндө айтылат.

Маалым болгондой, окуя 2022-жылдын июль айында болгон. Айыпталуучу — 1999-жылы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча (ден соолукка оор зыян келтирүү учурунда өмүргө коркунучтуу залал келтирүү) айып тагылган.

Соттун өкүмүндө айтылгандай, айыпталуучу окуя болгон күнү таңкы саат 04:00 чамасында Ош шаарында орун алган “Чынар-Терек” аталышындагы сейил багынын жанында М.у.А аттуу жергиликтүү тургунду жерге жаткырып, сол колу менен аны мойнунан кармап, муунтуп,  муштуму менен бет мандайына урган. Натыйжада жабырлануучу эсин жоготуп, Ош облустар аралык ооруканасына жеткирилип, каза болгон.

2022-жылдын 7-сентябрында Ош шаардык соттук-медициналык экспертизасынын корутундусуна ылайык, М.у.А аттуу жаран механикалык асфиксиядан (муунтулган) каза болгону аныкталган.

Ош шаардык соттун чечими менен айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинден  ажыратылды. Ошондой эле, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына айыпталуучудан материалдык зыян үчүн 100 миң сом өндүрүү чечими кабыл алынды.

Нааразы тарап кассациялык тартипте Жогорку сотуна даттанууга укуктуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>