«Балага сүйүнчү» жөлөкпулун кантип алса болот? Министрликтин жообу

«Балага сүйүнчү» жөлөкпулун кантип алса болот? Министрликтин жообу

2024-жылдын 1-январына карата бала төрөлгөндө берилчү “балага сүйүнчү” бир жолку төлөм жалпысынан 146 миң 633 балага берилип, ал 584 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат үчүн: 

Бала төрөлгөндө «балага сүйүнч» бир жолку жөлөкпулдун өлчөмү ар бир балага 4 миң сом;Бир убакта үч же андан көп бала төрөлгөндө ар бир балага 50 миң сомдон “балага сүйүнчү” төлөнөт.

«Балага сүйүнчү» кантип алса болот?

«Балага сүйүнчүнүн» бир жолку төлөмүн алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына кайрылуу керек.Бир жолку жөлөкпул алуу жөнүндө арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде берилүүгө тийиш. Каражаттар арызды бергенден кийин эки жумушчу күндүн ичинде банк эсебиңизге чегерилет.

Жаран акча каражаттарын РСК Банктын же Айыл Банктын каалаган филиалынын кассасы аркылуу арыз берген күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен алышы керек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>