Кыргызстандагы бардык жатак үйлөргө видеокамералар орнотулду

Кыргызстандагы бардык жатак үйлөргө видеокамералар орнотулду

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин улгайган жарандар, майыптыгы бар балдар жана чоңдор жашаган социалдык стационардык мекемелеринде видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай чара министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун социалдык коргоо системасынын санариптик инфраструктурасын жакшыртуу максатында жана Эмгек, соцалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова өткөн жылдын сентябрында кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу жана кызмат алуучуларга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын көзөмөлдөө максатында берген тапшырмасынын негизинде ишке ашты.

Учурда 17 интернатта 2332 кызмат алуучу жашайт, анын ичинен 522си улгайган жарандар жана жалпы оорусу боюнча майыптыгы бар жарандар, 1810 адам психоневрологиялык диагнозу бар чоңдор жана балдар.

Президенттин жана министрлер кабинетинин ишин сапаттуу жана аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу максатында өткөн жылдын октябрь айында түзүлгөн административдик Кырдаал борборуна социалдык стационардык мекемелерди кошуу иштери да жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>