Азия Кубогу: Иордания акыркы мүнөттөрдө 2 гол киргизип, жеңишти жулуп кетти

Азия Кубогу: Иордания акыркы мүнөттөрдө 2 гол киргизип, жеңишти жулуп кетти

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун 1/8 финалдагы оюндары уланууда.

29-январда Ирак менен Иорданиянын жана Катар менен Палестинанын ортосунда беттештер өттү. Бул курамалардын оюну ары кызуу, ары кызыктуу болду.

Ирак менен Иорданиянын беттешинде “Месопотамиянын арстандары” аталган ирактык курама жеңишке жетет деп күтүлгөн.

Оюндагы алгачкы топту Иордания биринчи бөлүккө кошулуп берилген мүнөттө (45+1) киргизди. Ошону менен биринчи бөлүк 1:0 эсеби менен аяктады.

Командалар эс алууга барып келгенден кийин беттештин экинчи бөлүгү жарымдап калганда, 68-мүнөттө Ирак эсепти теңеди. Арадан 8 мүнөт өтүп-өтпөй “Месопотамиянын арстандары” экинчи голун киргизип, алдыга чыкты. Ошону менен 90-мүнөт аяктаганча гол кирген жок. Калыс оюнга 7 мүнөт кошту. Ал маалда көптөр Иорданиянын жеңилгенине кайыл болуп калган. Бирок 95-мүнөттө Иордания атаандаштарына топ киргизип, эсепти теңеп кетти. Анысы — ал, ирактык футболчулар эсин жыйганча 97-мүнөттө Иордания күтүлбөгөн жерден дагы бир гол киргизип, эсепти 3:2 кылды. Калыс футболчуларга ойногонго ашыгыраак убактыт берип, Иракта эсепти теңөөгө жакшы мүмкүнчүлүгү болду. Бирок алар гол киргизе алган жок. Жыйынтыгында 3:2 эсебинде жеңишке жеткен Иордания чейрек финалга чыккан үчүнчү курама болду.

Катар менен Палестинанын оюну да кызыктуу өттү. Бул беттеште Катар атаандаштарына караганда күчтүү деп эсептелгени менен Палестина алар менен тең тайлаша ойноду. Оюндагы биринчи голду да алар 37-мүнөттө киргизди. Бирок беттештин биринчи бөлүгүнүн кошулуп берилген убактысында (45+6) алар дарбазасына гол өткөрүп алды. Ошентип курамалар 1:1 эсебинде эс алууга кетти.

Беттештин экинчи бөлүгүндө оюн башталып-башталбай жатып Палестинанын дарбазасына пенальти берилди. Ага Палестинанын оюнчусу өзүнүн айып аянтчасында эреже бузуп, атаандашын чалып кулатканы себеп болду. Катар пенальтиден гол киргизип, 2:1 эсебинде алдыга чыгып кетти. Палестина канчалык аракет кылып, утуру чабуулга чыкканы менен эсепти теңей алган жок. Жыйынтыгында жеңүүчү болгон Катар чейрек финалга өттү.

Эскерте кетсек, Азия кубогунун 1/8 финалдагы оюндары 29-январда башталган. Ал күнү Австралия менен Тажикстан чейрек финалга чыкты.

Азия кубогу: Кыргызстан 1/8 финалга өтүүсүнө жол ачып берген Индонезия 4:0 эсебинде жеңилди

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>