Салт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылуудаБишкекте Мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылдыМинкаб эмгек мигранттарына бериле турган квотаны 100 миңге көбөйттүБишкекте орусиялык өндүрүүчүлөрдүн «Орусияда жасалган» масштабдуу бизнес-миссиясы өтөтБишкекте органдарды трансплантациялоо боюнча эл аралык симпозиум өттүШвейцариянын Улуттук банкынын башчысы Бишкекке келди
Кыргызстандагы мектептерде 841 мугалим жетишпейт
03.10.2023 | 22:32
Кыргызстан боюнча мектептерде 841 мугалим жетишпейт, деп билдирди билим берүү жана илим министри кызматына талапкер Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 3-октябрдагы жыйынында.
Анын ичинде Бишкек шаарында 213 мугалим жетишсиз.
«Бирок, айлык акы көтөрүлгөндөн кийин мурдагыдай эмес, мугалимдер жетишсиз. Өзгөчө илим мугалимдери жетишсиз. Айылдарда химия, физика, англис тили мугалимдери жетишпейт. Шаарларда мектептерде балдардын саны көбөйүп, мугалимдер жеке менчик мектептерге өтүүдө. Биз аларды чоң социалдык пакеттер жана ипотека менен сактап калууну пландап жатабыз», – деди ал.
Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 82 миң мугалим бар. Алардын үчтөн экиси элет жеринде эмгектенет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар