Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Уят да! Дарыгерлерге убадаланган компенсация төлөнө элек, – депутат
09.06.2022 | 16:31
Баткен облусунун Кадамжай районунда коронавирус күчөп турган маалда иштеген медициналык кызматкерлерге азыркыга чейин компенсация төлөнө элек. Бул тууралуу 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова билдирди.
Анын айтымында, буга чейин ал ар кандай инстацияларга кат жөнөткөн. Саламаттыкты сактоо министрлиги Каржы министрлиги тарабынан каражат бөлүнсө эле төлөп берүүгө даяр экенин билдирген.
“Бул маселени канчадан бери көтөрүп келем. Пандемия бүттү, бирок медициналык кызматкерлерге убадаланган компенсация төлөнүп бериле элек. Бул уят да. Мен 60 жолу Министрлер кабинетине кат жаздым, бир аз каражат бөлүп, төлөп берип койсо болот да”, – деди депутат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом