ДКӨ-2026: «Кыймылдагы мурас» роликтер сериясы сунушталды. ВидеоКыргызстанда калдыктарды кайра иштетүүчү ишканалар колдоого алынуудаБишкектеги клуб ээлерине баңгизаттар үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертилдиЭми дыйкандар министрликтин байланыш борбору аркылуу кеңеш ала алышатӨКМ айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерттиКыргызстанда балдардын бир ата-энесинин макулдугу менен чет өлкөгө чыгуусуна уруксат берүү сунушталууда
Кыргызстандагы таштанды тууралуу Канн фестивалына катышкан фильм Бишкекте көрсөтүлөт
11.07.2022 | 15:33
Канн эл аралык кинофестивалына катышкан орусиялык жана франциялык режиссерлор Лина Цримова жана Дени Гербрандын “Дөң” (“Холм”, La Colline) аттуу даректүү тасмасы Бишкекте көрсөтүлөт. Бул тууралуу тасманын режиссёлору билдирди.
Бишкектеги таштанды полигонундагы турмушту баяндаган фильм 20-июлда борбор калаадагы Кино үйүндө көрсөтүлөт. 21-июлда болсо “Кудук” маданий борборунда фильмдин режиссерлорунун бири Дени Гербрандын катышуусу менен талкуу өтөт.
“Дөң” тасмасы Бишкектин жанында жайгашкан таштанды полигонунда иштеген кишилердин тагдырын жана күнүмдүк турмушун чагылдырат. Ал быйыл май айында Канн эл аралык кинофестивалында көрсөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы