Кыргызстандык 4 тасма Казакстанда өтө турган Baiqonyr дебюттук жана кыска метраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Фестиваль 3-8-сентябрда Алматыда өтөт.
Анда Кыргызстандык режиссерлор Тыныстан Темиржандын «Ромео», Чолпон Жанадылдын «Унутулгандар», Саадат Казакбаеванын «Күүгүмдөгү коңгуроо» кыска метраждуу тасмалары жана Тынчтык Абылкасымовдун Error 404 толук метраждуу тасмасы көрсөтүлөт.
Аталган кинофестиваль быйыл тогузунчу ирет өткөрүлөт.