Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Ошто “Алай” футбол клубунун оюнчуларынын телефондору уурдалды
26.02.2024 | 17:33
Ош шаарында “Алай” футбол клубунун оюнчуларынын уюлдук телефондору уурдалды. Бул маалыматты Reporter.kg’ге шаардык милициядан ырасташты.
Белгилүү болгондой, уурулук 22-февралда болжол менен саат 17:00до жасалган. Белгисиз адам/дар “Алай” футбол клубунун жатаканасына кирип, 7 телефон уурдап кеткен. Милицияга арызды клубдун администратору жазган.
Учурда бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.