logo

Кыргызстандык чемпион Самат Абдырахманов мекенине келди

Бүгүн, 10-июлда “Hardcore Fighting Championship” турниринин чемпиону, мушкер Самат Кыргыз Абдырахманов кичи мекени болгон Ноокат районуна келди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, чемпионду райондук администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары М.Абилов тосуп алды.

Ал өз сөзүндө Самат Абдырахмановдун жеңиши аркылуу жүрөгүбүз кубаныч менен сыймыкка толгондугун жана Кыргызстандын дүйнөлүк аренада аброюн көтөрүлгөндүгүн белгилеп, жаш спортчуларга спорттук тепкичтеги биринчи кадамдарына чоң түрткү көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Кыргызстандык мушкер Самат Абдырахманов мээлейсиз, муштум менен урушкан Hardcore Fighting Championship уюмунун чемпиону болгон. Мелдеш Москвада өткөн. Анда Абдырахманов жергиликтүү мушкер Лендруш Акопянды нокаутка кетирип утуп алган.

Абдырахманов 22 жашта. Анын рингде Кыргыз жана Кыргыз Флойд деген каймана ысымдары бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>