Акматалиев менен Будажапов Күрөш уюмунан 3 миң доллардан алат

Акматалиев менен Будажапов Күрөш уюмунан 3 миң доллардан алат

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев (70 кг) менен Арсалан Будажапов (79 кг) United World Wrestling уюмунан 3 миң доллардан алат. Бул тууралуу аталган уюм билдирди.

Жылдын жыйынтыгы менен United World Wrestling уюму күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнөлүк рейтингде алдынкы үч орунда турган спортчуларга акчалай сыйлык берүүдө. Дүйнөлүк рейтингде аталган балбандар экинчи орунда тургандыктан, аларга 3 миң доллардан берилет.

Белгилей кетсек, грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча балбандарга ар бир салмак ченде 10 миң доллардан каралган. Рейтингде биринчи орунда турган спортчу 5 миң доллар, экинчиси – 3 миң жана үчүнчү орундагы балбан 2 миң доллар алат.

Буга чейин уюм грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингде 60 кг салмакта биринчи орунда турган Жоламан Шаршенбековго 5 миң жана 77 кг салмакта экинчи орунду ээлеген Акжол Махмудовго 3 миң доллар берилерин билдирген.

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогуна катышат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>