Улукбек Жолдошбеков Олимп оюндарынын лицензиялык турнирине катышуу үчүн салмагын азайтты
Кыргызстандык спорттук күрөш боюнча улуттук курама командасы Олимп оюндарынын “Азия” чөлкөмүндөгү лицензиялык турнирине катышат.
Жолдомо ойнотулуучу мелдеш Казакстандын Алмата шаарында 9-апрелден 12-апрелге чейин өтөт.
Апрелдин 9нан 11не чейин грек-рим күрөшү боюнча жолдомолор ойнотулат. Күрөштүн бул түрү боюнча 5 спортчу Олимп оюндарына баруу үчүн күч сынашат.
Алар:
- Шаршенбеков Жоламан, ЭКСЧ, 60 кг;
2. Асикеев Марлен , СЧ, 67 кг;
3. Махмудов Акжол, ЭКСЧ, 77 кг;
4. Жузупбеков Узур, ЭКСЧ, 97 кг;
5. Ким Роман, СЧ, 130 кг;
6. Эркимбаев Азат, улук машыктыруучу;
7. Карачолоков Улукбек, башкы машыктыруучу.Ал эми апрелдин 8нен 12сине чейин эркин күрөш боюнча жолдомо ойнотулуп, өлкө атынан 6 спортчу барат. Ал эми 61 килограмм салмакта чемпион атыккан Улукбек Жолдошбеков 57 салмакта резервдеги спортчу катары барат.
Спортчулардын тизмеги:
- Мырзаназар уулу Бекболот, СЧ, 57 кг;
2. Акматалиев Эрназар, СЧ, 65 кг;
3. Догдурбек уулу Эламан, СЧ,74 кг;
4. Карыпбаев Нуртилек, СЧ, 86 кг;
5. Сулайманов Сымбат, СЧ, 97 кг;
6. Лазарев Айаал, ЭКСЧ,125 кг;
7. Жолдошбеков Улукбек, ЭКСЧ, 57 кг, резерв
8. Таабалды уулу Сүймөнкул, улук машыктыруучу;
9. Маджинов Русланбек, башкы машыктыруучу.
Ошондой эле апрелдин 8нен 17сине чейин кыз-келиндер арасындагы лицензиялык турнирде кыргызстандык 3 балбан кыз килем үстүнө чыгат.
Алар:
1. Медет к Айпери, ЭКСЧ,76кг;
2. Жуманазарова Мээрим, ЭКСЧ,68кг;
3. Марсбек к Назира, СЧ,57 кг;
4. Кенжебаев Байгазы, улук машыктыруучу;
5. Изабеков Нурбек, башкы машыктыруучу.