Ошто айдоочулук күбөлүк ала албай калгандар шылуундун торуна түшкөн

Ошто айдоочулук күбөлүк ала албай калгандар шылуундун торуна түшкөн

Ошто айдоочулук күбөлүк алып берүүнү убадалап, жарандардан акча алып, алдамчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, шектүү катары кармалган 29 жаштагы С.С. айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынактан өтпөй калган жарандарга күбөлүк алып берүүнү убадалап, алдамчылык кылган. Ал «Унаа» мекемесинен сынакты тапшыра албай калып чыккан жарандарга өзүн мекеменин кызматкери катары тааныштырып, документти алып берүү үчүн 5 миңден 40 миң сомго чейин акча алган. Андан соң изин жашарып кеткен.

Учурда алданып калган адамдардын саны 5ке жетти. Бирок милиция алдангандар андан да көп болушу мүмкүн деп эсептейт. Мындан улам шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо, 0779 28 87 07 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>