Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Кыргызстандын мугалимдери эл аралык сынакта биринчи орунду багындырышты
05.12.2019 | 18:17
Казакстанда математика, физика жана информатика мугалимдери арасында өткөн VII эл аралык сынакта кыргызстандык педагогдор биринчи орунду багындырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.
Конкурска Кыргызстандын атынан Бишкек шаарындагы “Келечек MIT” жана №28 мектептин мугалимдери – Махамадхан Ишматов менен Юлия Костырева катышты.
Кыргызстан командасы 103 катышуучунун ичинен 69 упай чогултуп, биринчи орунга ээ болушту.
Эл аралык чыгармачылык сынагы “Казакстандын математика мугалимдеринин ассоциациясы” тарабынан 2012-жылдан бери уюштурулуп келет. Максаты – кадрларды даярдоо, мугалимдердин чыгармачылык жана кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом