Кыргызстанга коронавируска каршы кытай вакцинасы келди

Кыргызстанга коронавируска каршы кытай вакцинасы келди

Кытай Кыргызстанга акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза “SinoPfarm” вакцинасын берди. Гуманитардык жардамды кабыл алуу аземине премьер-министр Улукбек Марипов катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Улукбек Марипов, Кытай вируска каршы вакцинаны иштеп чыгууда саналуу өлкөлөрдүн арасында маанилүү ийгиликтерге жетише алгандыгын белгилеген.

“COVID-19 пандемиясы көрсөткөндөй, бир дагы өлкө вируска каршы өз алдынча күрөшө албайт. Кыргызстан коронавирус инфекциясына каршы жеке күч-аракети, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн көмөгүнө таянуу аркылуу күрөшүүдө. Кытай мамлекети өз жериндеги жөнөкөй эмес эпидемиологиялык абалга карабастан, кыргыз элине олуттуу гуманитардык көмөк көрсөтүүсүн улантууда”, — деген өкмөт башчы.

Өз кезегинде Кыргызстандагы Кытайдын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь гуманитардык көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп өткөн.

“Кытай тараптын кыргыз тарапка вакцинаны акысыз негизде берүү тууралуу чечими эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди билдирет жана кыргыз-кытай мамилелеринин жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлин көрсөтүп турат.  Вакциналар кыргыз тарапка эпидемияга каршы күрөшүүдө жана кыргыз элинин ден-соолугун жана өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоого жардам берет деп ишенемин”, — деген элчи.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>