ИИМ “Акыркы коңгуроого” жана туристтик сезонго даярдык көрүүдө  

ИИМ “Акыркы коңгуроого” жана туристтик сезонго даярдык көрүүдө  

Бүгүн, 22-майда ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине коомдук тартипти сактоо багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар, орто билим берүү мекемелерде окуу жылын аяктоо иш-чарасы учурунда коомдук тартипти камсыздоо жана жайкы туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүү туурасында онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, онлайн кеңешменин жүрүшүндө ички иштер министри ички иштер органдарынын жетекчилерине өлкөбүздүн ички коопсуздугу бизге жүктөлгөндүктөн, мыйзам чегинде милдеттерди аткарып, жарандардын укуктарын коргоп, кылмыштуу кол салуулардан сактап, элдин ишенимин жогорулатууга карата басым жасалышы зарылдыгын эскертти.

“Ар бир учурдун өзүнө жараша кыйынчылыктары болгон. Бирок, бир дагы кыйынчылык элдин ишениминен жана колдоосунан жогору турбайт. Ошондуктан мамлекеттик органдардын алдыңкы сабында туруп, күнү-түнү иш алып барган кызматтардын бири — ички иштер органдары болуп саналат. Ошондуктан, ар бир жетекчи өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, эл үчүн күжүрмөн аракет менен эмгектенүүгө милдеттүү экендигин унутпаңыздар”,- деди Улан Ниязбеков.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>