Кырсыктан кийин комага түшкөн жаран ооруканада жан берди

Кырсыктан кийин комага түшкөн жаран ооруканада жан берди

Жол кырсыгына кабылып, комада жаткан жарандын өздүгүн аныктоо үчүн милиция коомчулукка кайрылган киши ооруканада каза болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, ал кишинин аты-жөнүн жакындары ЖМКга тараткан билдирүүдөн кийин аныкташкан.

«Бирок ал эсине келбей ооруканада жан берди», — деп белгилейт басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, 3-ноябрда Бишкек-Торугарт айланма жолунда (19-чакырым) ЗИЛ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу батыштан чыгышты көздөй бара жатып, саат 16:30дар чамасында европалык түстөгү 30-35 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү ар кандай дене жаракаттары менен Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Бүгүнкү күндө окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>