Талас: Талапкер Назарбеков добуш сатып алууга айыпталууда

Талас: Талапкер Назарбеков добуш сатып алууга айыпталууда

№20 Манас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Мирлан Назарбеков добуш сатып  алууга аракет жасаган. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координацялык тобу билдирди.

8-ноябрда М. П. аттуу «Фейсбук» колдонуучусу Назарбековдун мыйзамдарды бузуп, добуш сатып алууга аракет кылып жатканы жөнүндө пост жазган.

БШКнын координациялык тобуна келген видеодо Кара-Буура райондук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Ш. Л. Назарбековдун оорукананын имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 250 миң сом бөлүп бергенин, Шекер айылындагы фельдшердик-акушердик пунктка 300 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөткөнүн айткан.

Ошондой эле талапкердин Кызыл-Адыр жана Аманбаев айылдарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна эки тез жардам унаасын белекке бергени, Кара-Буура ооруканасына кычкылтек концентраторун алып бергени жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөткөнү тууралуу айтылган.

Бул маалыматтар Ички иштер министрлигине жана №20 Манас округдук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөнү кабарланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>