Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө #Чункурчак тоо лыжа комплексинде ачылды. Ал Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун, Казакстандын, Россиянын, Тажикистандын жана Венгриянын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, өнөктөштөр жана эс алуучулардын катышуусу менен өттү.

Салтанаттуу ачылышта министр Нуржигит Кадырбеков келген бардык меймандарга көңүлдүү маанай жана Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына аяр мамиле кылууга жана аны сүйүүгө чакырды.

Ачылыш аземге туристик тармакты колдогон өнөктөштөр тарабынан бир катар баалуу белектер тапшырылды.

Кадырбеков кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналарын белгилеп, бул багытта алдыда аткарыла турган көптөгөн иштер пландалып жатканын кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>