Кытай компаниясы Бишкекке таштанды ташуучу эки унаа тапшырды

Кытай компаниясы Бишкекке таштанды ташуучу эки унаа тапшырды

Кытай компаниясы Бишкек шаарына таштанды ташуучу эки унаа тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Хунань айлана-чөйрөнү коргоо боюнча «Хунань Цзюнсин» компаниясы Бишкек шаарынын мэриясына эки таштанды ташуучу унааны акысыз гранттык негизде өткөрүп берди. Атайын техника жакын арада борбор калаага алынып келет.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы жана «Хунань Цзюнсин» компаниясы кызматташтык тууралуу алкактык келишимге кол коюшкан.

Өз кезегинде катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү заводун куруунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>