Баалуу металлдар департаментинде коррупциянын алдын алуу боюнча семинар өттүПрокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин компаниянын салык карызы эсептен чыгарылдыКыргызстандагы мектептер үчүн жаңы окуу китептерине 8,5 млрд сом бөлүндү27-сентябрь: Кыргызстанда жаан жаап, шамал күчөйтСадыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырды
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга келет
09.01.2024 | 21:27
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-январда, Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фиданды кабыл алуу учурунда маалым болду.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга пландалып жаткан сапарын, ошондой эле анын алкагында эки тараптуу стратегиялык кызматташуунун Жогорку кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүүнү талкуулашты.
Эрдогандын Кыргызстанга сапарынын так датасы маалымдалган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар