Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун ТЭОСу качан даярдалаары айтылды
19.12.2022 | 18:44
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси 2023-жылдын 1-июнуна чейин даярдалып, Бишкекте кеңсе ачылат. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сайтында маалымдалды.
Долбоордун кеңсеси Бишкекте ачылаары белгиленген. Долбоорду башкаруунун формалары жана тартиби талкууланып жатат. Эл аралык каржы уюмдары менен да сүйлөшүүлөр болот.
Кошумчаласак, 14-сентябрда Самаркандда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча 454 чакырымдык үч тараптуу меморандумга кол коюлуп, ноябрда Кытайдын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институту тарабынан талаа изилдөөлөрү жүргүзүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика